Өзгөчө оор кылмышка шектүү кармалды
- 2 года мурун
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 24 жаштагы аялдын 17 жерине бычак сайып өлтүрүүгө шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну А.И. аттуу жаран кармалды.
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
26-августтан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну, жашы 25-30 чамалардагы аялдын сөөгү жаткандыгы боюнча Ноокен милициясына кабар түшкөн.
Аталган факты боюнча маалымат 27-август күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги аныкталып, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.
Бул ишке шектүү катары каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган А. И. кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.
Шектүүнүн сүрөтү: Жалал-Абад РИИБ.
Башкы сүрөт: Иллюстрация. Интернет булактарынан.