Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы кармалды

  • 11 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы С.Ч.М., кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, министрликтин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

С.Ч.М. жарандан ӨКМ бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.

Бул факты боюнча С.Ч.М. 5-августта кармалды жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты