Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап техника тапшырылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 1-февралда, президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) өрт өчүрүүчү заманбап 100 даана техника тапшырды.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Атайы өрт өчүрүүчү унаанын курамында 5 тонна суу бата турган 75 унаа, 8 тонналык 10 унаа, авариялык куткаруучу 10 унаа, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу 2 автобус, 50 метрлик 3 автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, 2-3,5 тонналык суу челеги бар.
Кытай Эл Республикасынан грант түрүндө берилген заманбап техникалар менен өрт-өчүрүүчү бөлүктөрдүн паркы масштабдуу жаңыланып, өрт өчүрүүдө бир кыйла жеңилдик болуп, адам өмүрүн сактап калууга жана материалдык зыянды болтурбоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү