Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 атайын техника тапшырылды

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техника тапшыруу аземине катышты. 

Министрлер кабинетинин башчысы иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин, баатырдыктын жана Ата Мекенди коргоонун ыйык парзынын символу экенин, анын өткөн тарыхта да, өлкөнүн азыркы тарыхында да татыктуу орду бар экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштин уландысы болуп саналаары белгиленди. Акыркы беш жылда ведомство 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыздалып, ага 7 млрд сом багытталган. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү дагы 116 атайын техника алышты. Бул көз карандысыздык жылдарындагы эң масштабдуу модернизациялоо этабы болуп калды жана ведомствонун техникалык паркы толугу менен жаңылангандыгын күбөлөндүрөт. 

МинКаб башчысынын сөзүнүн жүрүшүндө акыркы жылдары министрликти каржылоо өз убагында жана жетиштүү көлөмдө жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди. Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылга бюджети 5,5 млрд сомдон ашты. Ошол эле учурда жыл ичинде кошумча каражаттар бөлүндү.  

Сел жүрүү, жер көчкү, жер титирөө, өрт жана башка тобокелдиктерге дуушар болгон аймактарды кошо алганда, калк арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго 116 атайын техниканын ачкычы тапшырылды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты