Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды

  • 2 недели мурун

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылы Ноокен райондук транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун айрым кызматкерлерине тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда, А. жана Г. аттуу жарандар Б.У. аттуу жарандын тергөө иштерин оң жагына чечип берүүнү убада кылып, 20 миң АКШ доллар алышкан.

Ушул сыяктуу Кызыл-Кыя шаарында жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң жагына чечүүнү убада кылып, А. аттуу жаран Б.У. дан 20 миң АКШ долларын жана 100 миң сом акча каражатын алган.

Кийин кармалган Б.У.нун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берүү үчүн анын жакындарынан 18 900 АКШ долларын жана 100 миң сом акча каражатын алган.

Натыйжада жабырлануучу тарапка жалпы 2 784 миң сом материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Бул боюнча Б.У. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси, Алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын тургуну 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Ал өзүн Ош шаардык адвокаттар коомунун адвокатынын жардамчысы катары тааныштырып жүргөнү жана ишканалардын биринде юрист болуп иштеген.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты