Зеленскийдин кеңсеси согушта 13 миңдей адам курман болгонун билдирди

  • 1 год мурун
Зеленскийдин кеңсеси согушта 13 миңдей адам курман болгонун билдирди

Орусиянын кол салуусунан кийинки согушта Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготту. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.

Подоляк президент Зеленскийдин маалыматтары боюнча айтканын билдирүүдө, бирок Зеленский мындай маалыматтарды ачык айткан эмес.

Бул расмий бийликтин согуштагы жоготуулар 10 миңден ашканы тууралуу алгачкы маалыматы. 30-ноябрда президенттин кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестович блогер Марк Фейгиндин YouTube-каналына курган маегинде өлгөндөрдүн саны 10 миңден 20 миңге чейин жетерин айткан.

Апта башында Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен украин армиясы 100 миңге чейин адамын жоготконун билдирген. Кийинчерээк анын кеңсеси ката кетиргенин маалымдап, сөз набыт болгондор жана жарадарлар тууралуу болгонун билдирди. Кийинчерээк ушундай эле сандар Пентагондо да айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта набыт кеткен орус аскерлеринин саны 5937ге жеткенин билдирген. 10-ноябрда Пентагон орус армиясынын жоготуулары каза тапкандарды жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңге жеткенин маалымдаган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Согуштан Украинанын басымдуу аймагынын инфраструктурасы талкаланып, энергетика тармагынын 40% жабыркаганы кабарланды. Коопсуз жакка жер которуп же башка өлкөлөргө башпаанек издеп кеткендердин саны 10 миллионго чукулдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты