Зеленский Украинанын Орусиянын чабуулунан эң көп жабыркаган шаарларына жаңы макам берди

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан эң көп жабыркаган Харьков, Чернигов, Мариуполь, Херсон, Гостомель жана Волноваха шаарларына “баатыр-шаар” макамын берди. Бул тууралуу Зеленский 6-марттагы видео кайрылуусунда айтты.

Ал ошондой эле орус күчтөрү менен күрөшүп жаткан бул жана башка бир катар шаарлардын мэрлерине “Эрдик” орденин, айрым облус жетекчилерине Богдан Хмельницкий атындагы орден ыйгарды.

“Биздин баатырлар, биздин баатыр-шаарлар, мен атайын наам ыйгарууну чечтим. Мурда да буга окшош кол салууну жеңгенде боло келгендей”, — деди Зеленский.

Ал соңку кайрылуусунда Орусиянын чабуулдарынан Украинада жайкын тургундар каза таап жатканын белгилеп, Батыштын Москвага каршы санкциялары жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта өтөрү кабарланган болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты