Зеленский Украинаны тез арада Евробиримдикке кабыл алууну суранды

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-февралда кезектеги кайрылуусун жасап, Европа Биримдигинен “кечиктирилгис процедуранын негизинде” Украинаны кошуп алуусун өтүндү.

Зеленский украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын белгилеп, “уюмга кошулууга татыктуу” экенин белгиледи жана Евробиримдикке ушуга чейинки колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан ары ал орус аскерлерине кайрылып, аларды өз командирлерин укпай, “техниканы таштап кетүүгө” үндөдү. Украин лидери 5 миңдей орус аскери өлгөнүн кошумчалап, мунун алдын алуу үчүн катардагы жоокерлердин каршылыгы керектигин айтты.

Ал Орусиянын күчтөрү жакындап келатканына карабай Киевде кала берерин, аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Украина көп жылдан бери Европа Биримдигине жана НАТОго кирүүгө аракет кылып келет. Жараян ар кайсы себептерден улам кечеңдеп келген. Украинанын НАТОго киришине Орусия каршы чыккан.

Орус президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинкилери азырынча белгисиз.

Киев салгылашта 5 миңдей орус аскери өлгөнүн билдирип жатат. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты