Жолугушуудагы кайым айтышуу: Трамп Украина тынчтыкка даяр эмес деди. Зеленский Ак үйдөн чыгып кетти (Видео)
- 2 месяца мурун
- Видео
28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Америкада Ак үйдүн сүйрү залында жолугушту. Бул жолугушууда Украинанын жараталыш ресурстарын пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлмак. Бирок жолугушуу учурунда алар кайым айтышып кетип, келишимге кол коюлбай калды.
Жолугушуу учурунда Трамп Зеленский “тынчтыкка даяр эмес” деп айтты, ал эми Зеленский Ак үйдү таштап, чыгып кетти. Украинанын жаратылыш байлыктары тууралуу келишимге кол коюлбай калды.
«Силердин өлкөңөр чоң кыйынчылыкка туш болуп турат. Силер жеңип жаткан жоксуңар… Силердин бул абалдан жакшы чыгуу мүмкүнчүлүгүңөр бизден көз каранды… Силердин колуңарда керектүү карта жок» деди АКШнын президенти.
Зеленский Украинанын коопсуздугун камсыз кылуучу кепилдиктер зарыл экенин кайталады.
Бул жолугушуудан көп өтпөй Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткени тууралуу жазылууда.
Дональд Трамп «Ал тынчтыкка даяр болгон учурда кайтып келе алат» деп билдирди.
BFM TV билдиргендей, АКШнын президенти Зеленский бул сапарын кийинкиге калтырууну көздөгөн, бирок Франциянын президенти Эммануэл Макрон киришип, Трамптан жолугушууну кийинкиге калтырбоону өтүнгөн.
Сүрөт: Жолугушуу учуру. 28-февраль 2025-жыл. Интернет булактарынан