Польшада президент НАТО күчтөрүн киргизүүгө уруксат берди  

  • 2 месяца мурун

Польшанын президенти Кароль Навроцкий НАТОго кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүн киргизүүгө макулдук берген токтомго кол койду. Бул тууралуу 14-сентябрда Польшанын улуттук коопсуздук бюросу билдирди.

Бул токтом жабык мүнөздө болорун аталган бюродо белгиленди.

“Чыгыш кароолу” операциясы 12-сентябрда башталган. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте ал альянс Европанын чыгышын коргоо миссиясын баштагандыгын билдирген.   

Бул операция чечими Россиянын 10-сентябрда 20дай учкучкуч учуучу аппараттары Польшанын аймагына кирип кеткен окуяга жооп катары кабыл алынган. Дрондордун бир тобу атылып түшүрүлгөн.

Сүрөт: AP/Scanpix/LETA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты