Ак үйдө Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолугушту

  • 3 месяца мурун

18-августта АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.  

Февраль айындагы жолугушууда Трамп Зеленский менен уруша кетип, аны АКШга ыраазылык билдирбегенине айыптаган. Апрель айында мамилелер калыбына келип, эки президент Ватиканда сүйлөшүшкөн.

ЖМКнын маалыматы боюнча, азыркы сапар достук маанайда өттү. Өткөндө Зеленский аскер кийимин кийип барып, жемеге калса, учурда костюм-шым, кара көйнөк кийип жасанып барды.

Журналисттердин алдына чыкканда эки президент тең сылык-сыпаа, тамашага чалып сүйлөштү.

The Wall Street Journal басылмасы белгилегендей, эки өлкөнүн башчылары сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашын каалабай турганы байкалды. .

Украинанын президенти Зеленский Трамп менен жолугушууга европалык саясатчылар менен бирге барып, коопсуздук чараларын талкуулады. Трамп Украина АКШдан жана Европадан көп жардам ала алаарын белгиледи. Бирок НАТОго мүчөлүк тууралуу сөз болгон жок. Владимир Зеленский Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана конкереттүү болгондугун билдирди.

Дональд Трамп Украина жана Европа лидерлери сүйлөшүүлөрдүн бардык пункттары боюнча келишимге келишээрин жана бул Зеленский менен Путиндин жолугушуусуна жол ачаарына ишенээрин билдирди.

Financial Times гезити Украина делегациясынын документтери менен таанышкандыгын жана коопсуздук чаралары үчүн Украина АКШдан 100 миллиард долларга америкалык курал-жарак сатып алаары жазылгандыгы айтылган. Жолугушууларга чейинки ошол документтерде Украина Россия менен аймактык жактан да мунасага бараары жазылгандыгы, биринчи кадам катары ок атышууну токтотуу талап кылынгандыгы белгиленген.

ЖМК жазгандай, Дональд Трамп Путинге телефон чалуу үчүн сүйлөшүүлөрдү токтотуп турган.

Дональд Трамп Путин менен Зеленскийдин жолушуусуна даярдык көрө баштаганын билдирди. Ал эми Reuters агенттиги Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин айткандарына таянып, ал жолугушуу эки жуманын ичинде болорун жазды.   

Сүрөт: Getty Images

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты