Владимир Зеленский Андрей Ермакты кызматтан бошотту
- 2 месяца мурун
Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн кеңсесинин башчысы, Украинадагы эң таасирдүү адамдардын бири делген Андрей Ермакты кызматтан бошотту. Ермактын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.
28-ноябрда эртең менен Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу жана Коррупцияга каршы атайын прокуратурасы президенттин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермактын үйүн тинтүүгө келишкен. Бул тууралуу биринчи болуп “Украинская правда” басылмасы жазган. Журналисттер Ермак жашаган өкмөттүк кварталга 10дон ашык жогоруда аталган кызматтардын кызматкерлери киргенин кабарлаган.
Андан соң бул маалыматты Украинанын коррупцияга каршы улуттук бюросу жана Ермак өзү да тастыктаган. Коррупцияга каршы бюро тинтүү иликтөөнүн алкагында жана мыйзамдуу жүргөнүн билдирген.
Ермак өзүнүн телеграм-каналында Коррупцияга каршы улуттук бюро жана Коррупцияга каршы атайын прокуратуранын кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө алганын, аларга батирди тинтүү мүмкүнчүлүгү берилгенин жана өзүнүн адвокаты укук коргоо органдары менен өз ара иш алып барып жатканын жазган.
Кийинчерээк Андрей Ермак отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын президент Владимир Зеленский кечинде улутка кайрылуусунда билдирген жана аны кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгонун айткан.
“Кеңсенин иши жаңыланат. Мен Андрейге ыраазымын, сүйлөшүүлөрдө Украинанын позициясы кандай болсо, дал ошондой жеткире алды. Дайыма мекенчил позицияда болду. Бирок ушак жана спекуляция болушун каалабайм. Ал эми кеңсенин жаңы жетекчиси тууралуу айтсам, кеңсе жетекчиси боло ала тургандар менен консультация жүргүзөм” деди Зеленский.
Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллер жеке булактарынын айткандары боюнча , Ермакты тинтүү энергетикадагы коррупцияга байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди. “РБК” Украина да тинтүү ошол айтылгандарга байланыштуу экенин жазган.
Сүрөттө: Андрей Ермак. Интернет булактарынан




