Зеленский Украинадагы тынчтык үчүн кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди

  • 1 год мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украиндагы тынчтык үчүн президенттиктен кетүүгө даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу ал 23-февралдагы “Украина. 2025-жыл” аттуу форумдагы басма сөз жыйынында билдиргенин “Украинская правда” жазды.

“Менин кызматтан кетишим Украинага тынчтык алып келсе, анда кетүүгө даярмын же кызматымды НАТОнун мүчөлүгүнө алмашам, мен бийликте ондогон жылдар бою отурайын деген оюм жок” деп билдирди Зеленский.      

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинада шайлоолор өтүшү керектигин февраль айында билдирген.  

Украинада 2024-жылдын апрель айында президенттик шайлоо өтүшү керек болчу, бирок өлкөнүн мыйзамы боюнча согуш учурунда шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты