Зеленский Орусия Украинанын бардык аймагында чабуулун улантып жатканын айтты

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралда кезектеги видео кайрылуусун жасап, Орусиянын аскерлери ракеталарды, учкучсуз учактарды, артиллерияны, танктарды, чопкутталган техникаларды колдонуу менен Украинанын бардык аймагында чабуулун улантып жатканын айтты.

“Баскынчылар калк жашаган турак жайларга да кол салып жатышат. Аларды реактивдүү артиллериялык куралдар менен аткылашууда. Энергетикалык объектилерди жок кылууну көздөшүүдө. Алар өтө кара санатай тактиканы карманышууда. Талкаланган үйлөр согушту токтотуу үчүн чогуу күрөшүүгө жүйө болуп берер”, — деди ал.

Зеленский дүйнөнү согушту токтотуп калууга салым кошуусун суранды.

Ал сөзүнүн соңунда Орусиянын жарандарына орус тилинде кайрылып, президент Владимир Путинге таасир этүүгө үндөдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты