Зеленский: Крымды эч ким менен кеңешпей эле, кандай гана жол болбосун, кайтарып алабыз

  • 2 года мурун
Зеленский: Крымды эч ким менен кеңешпей эле, кандай гана жол болбосун, кайтарып алабыз

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде «Крым платформасынын» экинчи эл аралык саммитинде сүйлөп жатып, Украина Орусия аннексиялап алган Крымды кандай гана жол болбосун өз көзөмөлүнө аларын айтты.

Зеленский бул үчүн украин бийлиги башка өлкөлөр менен кеңешпей турганын жана өзү туура деп эсептеген ыкмаларды колдонорун белгиледи.

Ал Орусия менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин, себеби Кремль эч качан диалог жөнүндө ойлонбой, согушка гана даяр болгонун белгиледи.

«2014-жылы алар өлкөбүздү басып алууну чечишти жана дүйнө аларды бетке чапкан жок, ошондуктан алар андан ары кетишти. Эми биз бетке чабабыз» деген Зеленский «Орусияны тынчтандыруу үчүн» фронттун линиясын «тоңдуруп» коюуга Украина макул эмес экенин айтты.

Зеленский Крым бошотулгандан кийин ал Украина менен бирге Евробиримдиктин бир бөлүгү болорунан үмүт артып, бул жарым аралдын тургундары үчүн «ири мүмкүнчүлүктөрдү» ачарын билдирди.

«Крымдын жолдору бардык европалык континенттин жолдору болот, Крымдын порттору бардык Европанын порттору болот, Украина гана Симферополду Берлин, Ялтаны Неаполь менен байланыштыра алат», — деп билдирди украин президенти.

Киевде «Крым платформасы» саммити онлайн-форматта өтүп жатат. Ага дүйнөдөгү 60 өлкөнүн президенттери, премьер-министрлери, саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты