Зеленский: Коопсуздук, Крым жана Донбасс маселелерин референдум чечет

Украинанын коопсуздугу, Донбасс менен Крымдын макамы жөнүндөгү масалелер жалпы украиналык референдум аркылуу чечилет.

Бул тууралуу Владимир Зеленский «Суспiльне» басылмасына берген интервьюсунда билдирди. Украина Президенти Орусия менен сүйлөшүүлөрдөгү компромисстердин форматына эл гана жооп бериши керек экенин белгиледи.

24-январда Украина аймагына куралдуу кол салууну баштаган Владимир Путин украин бийлигинен НАТОго кирүүдөн баш тартууну, Крымды Орусияныкы, Донецк менен Луганскты көз карандысыз республикалар катары таанууну, мындан тышкары «денацификация» менен «демилитаризацияны» талап кылууда.

Украин бийлиги буга жооп иретинде НАТОго кирбей турганын, бирок өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздук кепилдигин талап кылууда.

Эки өлкө өкүлдөрү бир нече жолу жолугушуу өткөргөнү менен азырынча бир жыйынтыкка келише элек.

Согуштун курмандыктарынын санын так айтуу мүмкүн эмес, бирок он миңдеген аскерлер жана жайкын тургундар өлгөнү айтылып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты