Зеленский 16-февралды Украинанын Биримдик күнү деп жарыялады

  • 2 года мурун

Украинанын Президенти Владимир Зеленский өлкө жарандарына кайрылуу жасап, 16-февралды Биримдик күнү деп жарыялады.

«Тиешелүү жарлыкка кол койдум. Бул күнү улуттук желегибизди илип, мойнубузга көк-сары түстөгү тасма тагып, бүткүл дүйнөгө биримдигибизди көрсөтөбүз»деди Зеленский.

Буга чейин бир катары ЖМКлар, анын ичинде Spiegel басылмасы, 16-февралды Орусия Украинага кол сала турган болжолдуу күн деп аташкан.

«Биздин каршы кое турган нерселерибиз бар. Биздин мыкты армиябыз, уникалдуу согуштук тажрыйбага ээ жоокерлерибиз жана заманбап курал-жарактарыбыз бар. Азыркы армия сегиз жыл мурдагы армияга салыштырмалуу кыйла күчтүү» деген Зеленский Украина Донбасс менен Крымды дипломатиялык жол менен гана кайтарып ала турганын кошумчалады.

АКШнын жана башка бир катар өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Орусиянын Украинага ушул жуманын ичинде кол салуу ыктымалдыгы жогору экенин билдиришкен. Ошол эле маалда алар Орусия чынында эле кол салууга барат дегенге толук ишенбей турушат. Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Орусия Украинага кол салуу планы бар экенин четке кагып келет. Дүйшөмбү күнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путин менен жолугуп, учурда масштабдуу аскердик машыгуулар өтүп жатканын, бирок алардын көбү жакында аяктай турганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты