Өздөрүн укук коргоо орган кызматкери катары тааныштырып, 10 миң доллар алдап алууга шектүүлөр кармалды
- 4 недели мурун
- Видео
Өздөрүн укук коргоо орган кызматкери катары тааныштырып, 10 миң доллар алдап алууга шектүү экөө кармалды. Үчүнчүсү шектүү катары УКМК тарабынан камакта экени белгилүү болду.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
2026-жылдын башында ИИМдин ички иликтөө кызматына К.А. арыз менен кайрылган. Арызында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жолу менен 10 миң АКШ долларын алып, тергелип жаткан кылмыш ишин “оң жагына чечип беребиз” деп убада кылган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейинайтканын аткарбай, акча каражатын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган С. А. жана 1976-жылы туулган С. М. кармалган. Ал эми, дагы бир шектүү аныкталып, ал 1982-жылы туулган А.А. мурда соттолгону жана учурда башка алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан камакта экени белгилүү болду.
Иликтөө иштери улантылууда.


Сүрөттөр: ИИМ




