Өздөрүн Камчыбек Ташиевдин уулу катары көрсөтүп, алдаган кылмышка шектүүлөр кармалды   

  • 11 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын жарандары — Д.С., К.Ж. жана РФ жараны — Д.Б. акчасын жана унаасын алып алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө чара көрүү жөнүндө арыз менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетине (УКМК) кайрылган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Өзгөчө ири алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында 13-июнда Н.А.Х. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар өздөрүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган “Тойота Приус” үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рублди ээлеп алышканы аныкталды.

Тергөө иштери улантылып жатканы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты