Өзбекстандык медайымдар Англияга жумушка чакырылууда

  • 2 месяца мурун

Өзбекстандык медайымдарды Улуу Британияга 3 000 долларлык айлык акы менен жумушка чакырып жатышат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Талапкерлер медициналык окуу жайдын студенти же бүтүрүүчүсү (же жогорку медайымдык билими) болушу керек. Ошондой эле алардан IELTS деңгээли боюнча 7 балл же OET боюнча 3.5 балл сертификаты жана мурда соттолбогону жөнүндө маалымкат талап кылынат.

Медайымдардын маянасы 3 миң доллардан башталып, талапкерлерге үй-бүлөсүн да ала келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Долбоор Улуу Британияда аккредитацияланган жана талапкерлер үчүн иштөө шарттары (пенсиялар, камсыздандыруу, майрамдар, акысыз ден соолукту чыңдоо) британиялык жергиликтүү медайымдардыкындай эле болот.

Англис тилин билбеген жана Британияга иштөөнү каалаган медайымдар үчүн Самарканд шаарында жайгашкан Medecon университетинде (Эл аралык экономика жана медицина университетинде) OET, CBT жана ЕККУ тарабынан атайын тил курстары уюштурулат.

Мурдараак Тышкы эмгек миграциясы агенттиги өзбек медайымдарын Улуу Британияга иштөөгө жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирген.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты