Өзбекстандан кирген дарбыздын сапаты текшерилет

  • 2 года мурун

Кыргызстанга Өзбекстандан ташылган дарбыздын сапаты текшерилип, көзөмөлгө алынат.

Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, бул иштерди «Достук» өткөрмө бекетинде ветеринардык жана фитосанитардык кызмат аткара баштады.

«Дыйкандар өздөрү өндүргөн дарбыздын баасы арзандап кеткенине нааразы. Алар быйыл солярка жана башка айыл чарбага керектүү жабдыктар кымбаттап, дыйканчылык өзүн актабай калганын айтып жатышат. Алар Өзбекстандан чыккан дарбыздын сапатын текшерүүнү суранышкан. Биз тийиштүү адистер менен сүйлөштүк, кечээтен баштап «Достук» өткөрмө бекетинде Ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көзөмөлдөп жатат. Бүгүн «Маданият» өткөрмө бекеттерине мобилдик кызмат барды. Дыйкандар сугат суу маселесин да көтөрүп, аны чечип бердик» деди Ызабеков.

23-июнда 300дөй жаран Аксыда митингге чыгып коңшу Өзбекстандан келген дарбыздын сапатын көзөмөлдөп, импортту азайтууну талап кылышкан. Учурда Үч-Коргон аймагында дарбыз бышып, базарда сатылууда. Дыйкандар жергиликтүү дарбыздын баасы түшүп, чыгашаны актабай калат деп кооптонуп турат.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты