Өзбекстанда «жин чыгаргандардын» кызматына суроо-талап көбөйүүдө

  • 5 месяцев мурун

Жин кууп чыгуу – Өзбекстанда кеңири тараган көрүнүш. Кээде мындай ырымжырым учурунда оорулууга физикалык күч колдонулуп, аны сабашат. Бул учурлар тартылган видеолор социалдык тармактарда ондоп саналат.

Ташкент облусунда ушундай окуя кейиштүү аяктады. Аккурган районунда эки адам 42 жаштагы аялды «жин чыгаруу» учурунда өлтүрүп алышкан.

Аккурган райондук соту аларды «Алдамчылык» жана «Байкабастан адам өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Алардын бири үч, экинчиси эки жыл алты айга эркинен ажыратылды.

Окуя 2023-жылы жайында болгон. Эки киши «жин чыгаруу» учурунда аял менен бир саат алышкан. Элирген аялды балка, темир казык, чынжыр менен сабашкан. Аял алган жараатынан улам көз жумган. Ырым-жырым учурунда бөлмөдө аялдын жакындары, анын ичинде күйөөсү да болгон.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аял кабыргалары сынып, ички органдары жарылып, кан кетип каза болгон.

Өзбекстанда «жин чыгаруу» учурунда адам өлүмү буга чейин да катталып келген.

Соңку мезгилде «жин чыгаруу» менен алектенгендер өз ишин соцтармактар аркылуу жарнамалашууда. Бир жолку кабыл алуу болжол менен 200 АКШ доллары турат.

Мындай табыптар социалдык тармактардагы баракчаларында залалдуу шишик, диабет, вирустук гепатит жана тукумсуздукту да “тез жана натыйжалуу дарылоого” убада беришет.

Талдоочулардын баамында, Өзбекстанда сапаттуу медициналык кызматтын жоктугу элдин альтернативдүү, кээде күмөндүү ыкмалар менен дарылануусуна түртүүдө. Натыйжада көптөгөн бейтаптар алдамчылыктын жана башка кылмыштардын курмандыгы болуп калышууда.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты