Өзбекстанда жарандарды Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылгандар кармалды

  • 5 месяцев мурун

Өзбекстанда жарандарды АКШга мыйзамсыз жөнөтүү боюнча бир нече аракеттерге бөгөт коюлду.

Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик күзөт кызматына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик күзөт кызматынын Самарканд облустук башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундун ишенимине кирип, аны Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган 44 жаштагы жаран кармалды. Шектүү «кызматы үчүн» 25 миң АКШ долларын сурап, анын 15 миң долларын алып жаткан учурда кармалган.

Мындан соң укук коргоо органдары Самарканд облусунун Пастдаргом жана Каттакурган райондорунун эки тургунун кармашкан. Кармалгандар 23 миң долларга Түркия, Армения, Никарагуа жана Мексика аркылуу АКШга жаранды мыйзамсыз өткөрүп берүүнү уюштура аларын айтышкан. Бирок укук коргоо кызматкерлери аларды 12 миң доллар алып жаткан маалда кармоого үлгүрүшкөн.

Ушундай эле рейд Фергана облусунда да жүргүзүлдү. Анжиян облусунун жергиликтүү тургуну 10 миң долларга Кокондон дагы бир тургунду АКШга жөнөтүүнү убадалаган. Бирок ал да акчаны алып жатканда кармалган.

Бул боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты