Өзбекстанда төрт жашар кыз бала бакчада сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылды

  • 5 месяцев мурун

Ташкент облусундагы Келес шаарынын тургуну бала бакчада төрт жашар кызы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылганын билдирип, буга бакча ээсинин 24 жаштагы уулун айыптады.

Тургундун балдар акыйкатчысына жолдогон арызында 12-декабрь күнү бакча ээсинин уулу «кызын кармалап, ага карата адепсиз аракеттерди жасаганы» жазылган.

Балдар акыйкатчысы менен Башкы прокуратуранын биргелешкен иликтөөсүнөн кийин «Бойго жете электерге карата бузуку аракеттерди жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө З.Х. аттуу жаран лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз эле өз үйүндө бала бакча ачып алганы аныкталган.

Ташкент районунун санитардык-эпидемиологиялык кызматы бала бакчада санитардык эрежелер олуттуу бузулган учурлар катталганын, ал жерде иштеген эки жаран тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтпөгөнүн билдирди.

Бул иш боюнча тергөө иштери Башкы жана облустук прокуратуралардын көзөмөлүндө жүргүзүүлүүдө. Төрт жашар кыздын кызыкчылыктарын Балдар акыйкатчысы коргоп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты