Өзбекстанда “Стелс-омикрон” аныкталды

  • 2 года мурун

Өзбекстанда коронавирустун Stealth-Omicron BA.2 штаммы аныкталды.

Бул вирустун эң жугуштуу түрү болуп эсептелет.

Бул тууралуу Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башчысы Баходир Юсупалиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы аптада коронавирус жуктургандардын саны бир аз көбөйдү. 20-июнда— 87, 21-июнда — 82, 22-июнда — 98 учур катталды.

“Бейтаптардын 67% кадимки “омикрон” штамы аныкталса, 33 % Stealth-Omicron BA.2 түрү байкалды”деди Баходир Юсупалиев.

Ал акыркы эки жылдан бери июнь-август айларында вирус жуктургандардын саны бир аз көбөйүп жатканын белгиледи.

Ушул тапта “стелс-омикрон” бардык өлкөлөрдө тарап жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму муну тынчсыздануу жараткан вирус деп атап, өтө тез тарай турганын белгилеген.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты