Өзбекстанда өспүрүм апасын өлтүрүүгө шектелүүдө

  • 2 года мурун

Ташкент облусунда 16 жаштагы өспүрүм тааныштары менен бирге өз апасын өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 31-июлда кечки саат 9дарда болгон. Мекемеден адам өлтүрүү фактысы кайсы райондо катталганын так билдиришкен жок.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өспүрүм мындай кадамга үй-бүлөлүк келишпестиктен улам барган. Бул үчүн ал тааныштарынан жардам сурап, алар менен бирге апасын өлтүргөндөн кийин сөөгүн үйдүн жер төлөсүнө көмүп коюшкан.

Шектүүлөр кармалып, бул факты боюнча «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты