Өзбекстанда совет доорунда репрессияланган 208 өзбек жараны акталды

  • 11 месяцев мурун

Өзбекстандын Жогорку соту совет доорунда репрессияга кабылган 208 өзбекстандык жаранды актады.

Бул тууралуу Өзбекстан Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы 208 адамды толук актады.

Акталгандардын тизмесине республиканын Фергана, Кашкадарыя жана Самарканд облустарында туулуп-өскөн жана иштеген адамдар кирет.

2022-жылы декабрда Өзбекстандын Жогорку соту СССР учурунда репрессияга кабылган 173 өзбек жаранын актаган.

2021-жылдын 31-августунда Шавкат Мирзиёев өзбек элинин мыкты өкүлдөрү советтик репрессиялардын курмандыгы болгонун айткан.

«Келечеги кең жетекчилер, окумуштуулар, жазуучулар, дарыгерлер жана педагогдор репрессияланган. Алар биздин элдин мыкты өкүлдөрү болушкан. Эски режимге улуттун көзүн ачып, өз иденттүүлүгүн көрсөтө турган интеллектаулдар керек эмес болгон. Алардын күнөөсү – улуу болгонунда» деген Мирзиёев.

1937-1953-жылдары өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн 100 миңден ашык өзбек репрессияланганы айтылып келет. Алардын ичинен 13миңден ашыгы атууга кетип, миңдеген адам сүргүнгө айдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты