Өзбекстанда шайлоо алдында активисттерге кысым күчөдү

  • 3 года мурун

Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөрүнө бир аптадан азыраак убакыт калган маалда активисттер менен жарандык коом өкүлдөрү көзөмөлгө алынып, кысымдын ар түрдүү формасына кабылып жатышканын билдиришүүдө.

Өзбекстан өкмөтү жыл башынан бери көз карандысыз оппозициялык партияларды каттоодо тоскоолдук жаратып, демилгечил топтордун лидердери кол салууга жана кысымга кабылууда.

Июлда Өзбекстандын юстиция министрлиги тиешелүү кол топтолгон эмес деген шылтоо менен көз карандысыз «Хакикат ва тараккиёт» партиясын каттоодон баш тарткан. Демократиялык «Эрк» партиясынын мүчөлөрү кысымга алынган.

Талапкерлери шайлоого катыша турган беш партия, анын ичинде азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясы 19-октябрда мамлекеттик телеканалда өздөрүнүн алгачкы дебатын өткөрөт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы дебатка эмне үчүн талапкерлер эмес, алардын ишенимдүү өкүлдөрү катышып жатканын түшүндүргөн жок.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Өзбекстанда талапкерлер арасында атаандаштык байкалбаганын билдирди. Уюм өкмөт шайлоочулардын укугун чектеп, өзбек бийлиги көз карандысыз талапкерлерди шайлоого катыштыруу жөнүндөгү чакырыктарга кулак төшөбөгөнүн белгиледи.

Ага карабай ЕККУ шайлоо алдында Ташкентке толук курамдагы байкоочуларын жөнөтүүнү чечти.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт. Анда экинчи президенттик мөөнөтү үчүн ат салышкан Мирзиёев жеңип чыгары күтүлүп жатат. Мирзиёевден тышкары бийликти сындабаган дагы беш талапкер шайлоого катышууда.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты