Өзбекстанда радиациялык жана өзөктүк коопсуздук комитети түзүлөт

  • 2 месяца мурун

Өзбекстанда Тоо-кен жана өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөө инспекциясынын базасында өнөр жай, радиациялык жана өзөктүк коопсуздук боюнча комитет түзүлүүдө. Бул тууралуу УзА агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, комитет атомдук энергетика, өзөктүк технология объектилеринде радиациялык жана өзөктүк коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле кооптуу өндүрүш объектилеринде өнөр жай коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана координациялоо үчүн жооптуу болот.

Ошол эле маалда тоо-кен жана геология министрлигине караштуу тоо-кен жана геология инспекциясы түзүлөт.

«Мында инспекция жер казынасын пайдалануу жана коргоо жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу республикалык аткаруу органы болуп саналат» деп айтылат билдирүүдө.

Комитеттин курамында радиациялык жана өзөктүк коопсуздук департаменти түзүлүп, ал мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Комитеттин карамагында радиациялык жана өзөктүк коопсуздук боюнча илимий-техникалык борбор да болот.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты