Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү

  • 3 года мурун

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ кечки саат 5ке карай добуш берген жарандардын саны 71,8% жеткенин билдирди. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин бул көрсөткүч 80,8 % түздү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бүгүн, 25-октябрда чыгат.

Шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча эртең менкнки саат 8де ачылып, кечки 8ге чейин иштеди. Республика боюнча болжол менен 19,86 миллион шайлоочу катталган. Чет жакта жүргөн өзбек жарандары да добуш беришти. Бул үчүн 49 өлкөдө 55 стационардык шайлоо тилкеси жана 316 көчмө пункт иштеди.

Президенттик шайлоого расмий түрдө иштеп жаткан беш партиянын талапкерлери катышты. Алар: Либералдык-демократиялык партиядан азыркы президент Шавкат Мирзиёев, Социал-демократиялык «Адолат» партиясынан Бахром Абдухалимов, Экологиялык партиядан Нарзулло Обломурадов, Демократиялык партиядан Алишер Кодиров жана Элдик-демократиялык партиядан Максуда Ворисова.

64 жаштагы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келери күтүлүүдө.

Шавкат Мирзиёев 2003-жылдан 2016-жылга чейин премьер-министр болгон. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун учурунда 13 жыл өкмөттү жетектеген жана ал каза болгондон кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2016-жылы президент болуп шайланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты