Өзбекстанда Орусиянын «Мир» карталарын тейлөө убактылуу токтотулду

  • 2 года мурун

Өзбекстанда Орусиянын «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Uzcard – Бирдиктүү жалпы улуттук процессинг борборунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө орус банктары чыгарган «Мир» карталарын тейлөө техникалык себептерден улам токтотулганы белгиленген.
«Өзбекстандын аймагында Uzcard – «Мир» кобейджинг карталары штаттык режимде иштеп жатат. Бирок чет өлкөлөрдө иштеген жок», – деп жазылган билдирүүдө.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизип, чектөөлөргө орус банктары да туш болгон. Орусиялыктар башка өлкөлөрдө орус банктарынын карталары менен төлөө жана чет өлкөлүк төлөм кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Мындан улам Орусия жарандарынын көбү санкцияларды кыйгап өтүү үчүн КМШ өлкөлөрүнүн жана Түркиянын банктарынан карта ачтыра башташкан. Алар үчүн «карта туризминин» негизи багыты Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты