Өзбекстанда нан кымбатташы күтүлүүдө

  • 2 года мурун

Орусиянын Украинага каршы согушунан улам жаралган азык-түлүк тартыштыгына, баалардын жогорулашына жана жер семирткичтердин жетишсиздигине байланыштуу дүйнөдө 218 миллион киши (же дүйнө калкынын 3%) ачарчылыкка кабылат.

Бул тууралуу БУУнун атайын өкүлү Маурицио Мартина италиялык Corriere della Sera гезитине берген интервьюсунда билдирди.

Мындай жагдайда Өзбекстандын өкмөтү быйыл өлкөдө өткөн жылдагыга салыштырмалуу буудай 1 миллион тоннага көбүрөөк жыйналат деп күтүлүп жатканын билдирүүдө.

2022-жылы Өзбекстанда 1 миллион 27 миң гектар аянтка буудай эгилди. Өлкөнүн айыл чарба министрлиги быйыл июнь-июль айларында 7 миллион 679 миң тонна буудай жыйналат деп күтүлүп жатканын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 миллион тоннага көп.

Ал ортодо Өзбекстанда унга болгон баалар кескин жогорулап кетти. Түшүм жыйноонун алдында өкмөттүн чечимин аткаруу аракети баалардын мындан ары да өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы Өзбекстанда 6 миллион 656 миң тонна буудай өстүрүлүп, анын 2 миллион 533 миң тоннасы мамлекеттик резерв үчүн алынса, калганы дыйкандар менен калктын колунда калган.

2022-жылдын январь-март айларында өлкө 28,8 миллион долларга 92,6 миң тонна буудай импорттогон. Бул тууралуу 10-майда Мамлекеттик статистика комитети кабарлады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 миң тоннага көп.

28-майда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев «Буудай өстүрүү жана сатууда базар принциптерин киргизүү боюнча чаралар тууралуу» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1-июндан тарта мамлекеттик ресурс үчүн сатылып алына турган 1 тонна буудайдын баасы 1,550 миллион сумдан 3 миллион сумга чейин (270 доллар) көтөрүлөт.

Өзбекстандын экономика министрлиги «дан базарын либералдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын маңызы тууралуу» анализ жүргүзгөн. «Ташкентте нандын арзандыгынан улам аны койго же бодо малга сатып берген адамдар көбөйгөн. Анткени нан буудайдан жасалган атайын тоютка караганда арзаныраак»деп жазылган министрликтин анализинде.

Бул билдирүүнү окуган айрым талдоочулар жакында өлкөдө нандын баасы жогорулашы мүмкүн деген божомолдорун айтууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты