Өзбекстанда министрлик менен ведомстволор 61ден 28ге чейин кыскарат

  • 1 год мурун

Өзбекстан президенти министрлик менен ведомстволордун санын 61ден 28ге кыскарткан документке кол койду. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, 2023-жылдын 1-январынан тартып министрликтерин саны 25тен 21ге кыскарат, 20 ведомство толугу менен жоюлат.

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарды оптимизациялоо планын парламентке жасаган кайрылуусу учурунда билдирген.

Аткаруу бийлигинин органдарынын штаты, анын ичинде жетектөөчү курам максимум 30% кыскарат жана “эмгек акыны адилеттүү төлөө системасы” киргизилет.

Кыскартуунун натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат.

“Жаңы Өзбекстандын административдик реформасынын” биринчи айлампасынын алкагында, 1-январдан баштап өлкөдө чакан жана адискөй башкаруу принциптерине негизделген, министрлик, комитет, агенттик жана инспекциялардан турган республиканын аткаруу бийлигинин органдарынын бирдиктүү системасы иштей баштайт.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты