Өзбекстанда метандын тартыштыгынан айдоочулар түнкүсүн кезекке турушууда
- 3 года мурун
- Видео
Өзбекстанда кыш келгенден бери электр энергиясы жана жаратылыш газынын тартыштыгы менен катар метан газы да жетишпей жатат.
Өлкөнүн ар кыл аймактарындагы газ станцияларында узун кезек пайда болууда.
“Оздолик” радиосунун айрым булактары билдиргендей, Жаңы жылдын алгачкы күндөрү метан газына байланыштуу абал бираз турукташты.
Сырдарыя облусунда 1 куб метр метан газы 2500-2600 сум (0,24 АКШ доллары) турат.
Өзбекстандын автомобилдерге газ толтуруучу жайларында чакырым-чакырым кезектердин пайда болушу соцтармактарда кызуу талкууланууда.
Адистер газ куурларындагы төмөнкү басым көйгөйүн чечүү үчүн энергетикалык инфраструктураны капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңылоо керектигин көп жылдан бери айтып келишет.
2021-жылдын 17-ноябрынан бери Өзбекстандагы газ станцияларынын ишине убактылуу чектөө киргизилген. Расмий маалыматта бул калкты, мектеп, бала бакча, оорукана жана ири электр станцияларын үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыздоого байланыштуу экени айтылган.
Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 2021-жылы Өзбекстан 53,8 миллиард куб метр газ өндүрүүнү пландаган, бул 2019-жылга салыштырмалуу 6,7 миллиард куб метрге аз.
Бул арада Өзбекстан өкмөтү 2022-жылы электр кубаты, жаратылыш газы, ысык жана муздак суу үчүн тарифтерди көбөйтөрүн жарыялады.
Сүрөт: ferghana.ru