Өзбекстанда коронавирустун «омикрон» штаммы табылды

  • 2 года мурун

COVID-19дун «омикрон» деп аталган жаңы штаммы Өзбекстанга келген чет өлкөлүк жарандан табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «омикронго» байланыштуу өлкөдө коомдук жайларда беткап тагынуу режиминин, социалдык аралыктын жана жеке гигиена эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлдү.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечимине ылайык, умрадан кайтып келген өзбекстандыктардан ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы да талап кылына баштайт. Мындан тышкары өлкөдөгү бардык мекемелер менен ишканалардын жетекчилерине эмдөөдөн өткөн гана кызматкерлердин иш орундарында болушуна уруксат берүү тапшырылды. Бул талапты аткарбаган жетекчилерге карата мыйзамда көрсөтүлгөн тиешелүү чаралар көрүлөрү кабарланды.

Коронавирустун «омикрон» штаммы былтыр декабрдан тартып АКШда, Данияда, Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Орусияда, Израилде, Нидерландда, Францияда, Жапонияда жана Индияда жайыла баштаган. Анын COVID-19дун башка штаммдарына салыштырмалуу кыйла тездик менен тарай турганы айтылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты