Өзбекстанда имамдарга соцтүйүндөргө кирүүгө тыюу салынды

  • 2 месяца мурун

Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгы имамдардын социалдык түйүндөрдү колдонуусуна чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, 27-майда өлкөдөгү бардык мечиттердин имамдары социалдык түйүндөргө кирбөө жана андагы билдирүүлөргө «лайк» койбоо жөнүндө эскертүүлөрдү алышкан.

Ташкент шаарынын башкы имамынын жардамчысы Эргаш Рустамов Telegram аркылуу район имамдарына жөнөткөн аудиобилдирүүдө алардын соцтүйүндөргө кирүүсү көзөмөлдөнө турганы жөнүндө айтылган.

«Саламатсыздарбы, урматтуу район имамдары. Биздин кезектеги тапшырмабыз – социалдык түйүндөргө кирбөө. Муну катуу көзөмөлдөйбүз. Бул ажылыкка баргандарга тиешелүү. Ошондой эле соцтүйүндөрдөгү темаларга лайк койбоо керек» деген Рустамов.

Имамдар диний мекеменин бул чечимин алардын ишмердүүлүгүнө карата мамлекеттик көзөмөлдүн күчөшү катары чечмелеп жатышат.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген ташкенттик имамдардын бири алардын Интернетте сүйлөөсүнө тыюу салуу – дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамга каршы келерин билдирди.

«Бул муфтийдин буйругу деп жатышат. Мындай чечимдери менен колу-бутубузду тушап жатышат» деди ал.

Акыркы кездери Өзбекстанда бир нече имам кызматынан алынган. Муфтият адатта мындай чечимдерин имамдар диний макамдарына туура келбей турганы менен түшүндүрүп келет.

Апрелдин башында Өзбекстандагы мечиттердин имамдары жана алардын орун басарлары чек өлкөгө чыгуучу паспортторун муфтиятка тапшырууга мажбуранып жатканы кабарланган.

«Акыркы күндөрү бизге өтө катуу басым болууда. Ошондуктан айрым имамдар өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат» деген анда имамдардын бири.

Өзбекстандын өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча комитеттин 2021-жылдын 1-августундагы маалыматына ылайык, өлкөдө 2 285 диний уюм жана 16 конфессия бар. Алардын ичинен 2098и ислам уюмдары болсо, 188и башка диний агымдарга тиешелүү.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган. Диний уюмдар менен конфессиялардын ишмердүүлүгү «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам менен көзөмөлдөнөт.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты