Өзбекстанда фермерлерге жасалма жер семирткич таратылган

  • 4 месяца мурун

Былтыр октябрда Кашкадарыя облусунун дыйкандарына таратылган Аммофос минералдык жер семирткичи жасалма экени белгилүү болду.

Дыйкандардын айтымында, жерге чачкан минералдык жер семирткич шыбак үчүн колдонулган алебастр болуп чыккан.

Жүз миллион сумга чейин чыгымга учураган дыйкандарга жасалма жер семирткичтин ордуна башка минералдык жер семирткич берилген эмес, акчалары да кайтарылган жок.

Өткөн жылы октябрда «Косон Агросифат кластер» фирмасы буудай талааларын семиртүү үчүн Кашкадарыя облусунун дыйкандарына аммофос тараткан. Айрымдары жер аянтына жараша бир тоннадан, башкалары 4-5 тоннадан алышкан.

Аз өтпөй дыйкандар бул аммофос былтыркыдан айырмаланып турганын, өзгөчө жыты жоктугун, тез эзилип кетерин байкашкан.

«Лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлдү, жыйынтыгы кластердин колунда. Препарат жүз пайыз алебастр болуп чыкты. Биз даамын татып көрдүк, адатта аммофостун өзгөчө жыты бар жана ал кычкыл болот. Бир жарым тонна сатып алып, талаага баарын чачып жибергем» дейт фермер Лочинбек Рузибоев.

Аммофос республикага ташылып келгенде эмнеге лабораториядан текшерилбей калган, эмне үчүн кластер дыйкандарды сапаттуу жер семирткич менен камсыз кылбай, акчасын дагы деле кайтарып бербей жатат деген суроолор ачык бойдон калууда.

Кашкадарыялык дыйкандар кластердин кампасында дагы 300 тоннадан ашык мындай жасалма «аммофос» бар экенин айтышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты