Кыргызстан минералдык жер семирткич жана ветеринардык вакцина чыгарууну пландоодо
- 4 недели мурун
Кыргызстанда жылына 600 миң тоннага чейин минералдык жер семирткичтерди (карбамид) чыгаруучу завод куруу каралат. Ошондой эле жылына 25–30 млн доза ветеринардык вакциналарды өндүрүүчү завод куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда.
Бул тууралуу меморандумга Кыргызстандын “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен Кытай электр инженерия улуттук компаниясынын (CNEEC) ортосунда коюлду. Экинчи меморандум Кыргызстандын “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен кытайлык “Шицзячжуан Шайнеон” биотехнологиялык компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.
Бул документке ылайык, Кыргыз Республикасында эл аралык GMP стандарттарына жооп берген жылына 25-30 млн доза ветеринарык вакцина чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашыруу каралат.
Анда МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков бул эки долбоордун ишке ашырылышы менен Кыргыз Республикасында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошоорун белгиледи.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: gov.kg




