Өзбекстанда эки чакан ГЭС курулат

  • 2 года мурун

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Гиссар суу сактагычы менен Ташкент облусундагы Ахангаран суу сактагычына жылдык кубаттуулугу 22 миллион киловатт-саатты түзгөн эки чакан ГЭС курулат.

Бул тууралуу өлкө Президенти Шавкат Мирзиёев 8-июнда билдирди.

2017-жылы Президенттин жарлыгы менен «Өзбекгидроэнерго» акционердик коому түзүлүп, ага алты суу сактагыч башкарууга берилген. Андан бери чет өлкөлүк компанияларды тартуу менен ар бир резервуардын техникалык абалы текшерилип, кандай оңдоо иштерин жүргүзүү керектиги аныкталган. Бүгүнкү күндө дамбалар, дренаждык курулуштар оңдолуп, насостук агрегаттар калыбына келтирилүүдө.

Мирзиёев өз сөзүндө «Өзбекгидроэнергонун» башкаруусундагы бардык суу сактагычтарды модернизациялап, гидромеханикалык жабдуулары менен өлчөө каражаттарын жаңылоо, ошондой эле системаны санариптештирүү аркылуу коопсуздукту жакшыртууну тапшырды.

Мамлекет башчынын айтымында, мындай чаралар бүткүл бизнес-процессти онлайн режиминде «Өзбекгидроэнергонун» кырдаалдык талдоо борборуна кошууга жана жылына кошумча 120 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары президенттин тапшырмасы менен Гиссар жана Ахангаран суу сактагычтарына жылдык кубаттуулугу 22 миллион киловат-саатты түзгөн эки чакан ГЭС курулат.

Космостук изилдөөлөр жана технологиялар боюнча агенттикке суу сактагычтардын абалын көзөмөлдөө, спутниктен сүрөттөр жана маалыматтар менен камсыз кылып туруу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле чакан ГЭСтердин курулушуна жеке секторду тартуу, жогорку билимдүү адистер менен орто баскычтагы кадрларды даярдоо боюнча милдеттер жүктөлдү.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты