Өзбекстанда депутаттар кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышты

  • 2 года мурун

25-октябрда Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы Олий Мажилиси “Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө мыйзам долбоорун эки окууда кабыл алды. Документ Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорун май айында өлкөнүн Юстиция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарган.

Документ мамлекеттик органдардын иши менен алардын кызматкерлерине байланышкан кызыкчылыктар кагылышын жөнгө салууга жана болтурбоо механизмдерине багытталган.

Мыйзам боюнча кызыкчылыктар кагылышы тууралуу маалыматты күн мурун ачыктоо талап кылынат. Бул эрежени сактабаган аткаминерлер айып пулга жыгылат.

Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин директору Акмал Бурханов анын түзүмү мамлекеттик кызматта кызыкчылыктар кагылышы орун алган миңдеген учурларды аныктаганын билдирди.

«…бул мыйзамды кабыл алуу мамлекеттик органдарда коррупция тобокелдигин жоюуга жардам берет. Башкысы – мамлекеттик кызматта дос-тамыр, тууганчылыктын алдын алуу», — деди Акмал Бурханов.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты