Өзбекстанда дээрлик 60 киши тамакка ууланды

  • 10 месяцев мурун

Өзбекстандын Жизак облусундагы ресторандардын биринде тамактанган 60ка жакын киши ууланды.

25-26-июнь күндөрү «Тошлок» маалесиндеги ресторанда тамакка ууланган 57 киши облустук инфекциялык ооруканага жеткирилген. Аларга курч диарея жана тамак-ашка уулануу диагноздору коюлган.

Маалыматка караганда, ууланган жарандар ресторанда шишкебек жана козу карын менен майонез кошулган салат жешкен.

Бүгүнкү күнгө карата уулангандардын 11и үйүнө чыгарылды. Калган бейтаптардын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Облустук прокуратуранын басма сөз кызматы адамдардын ууланышы боюнча тергөө иши башталганын билдирди.

Сүрөт: Социаддык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты