Өзбекстанда үч күн мурун баш кошкон жаш жубайлар иске ууланып каза болду

  • 1 год мурун
Өзбекстанда үч күн мурун баш кошкон жаш жубайлар иске ууланып каза болду

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Фергана облусунун Бувайдин районунда жаш жубайлардын иске ууланып каза табышын иликтөөдө.

Мекеме буга жаштар өздөрү күнөөлүү болгонун маалымдоодо. «Эксперттер батирде жылытуучу прибор тиешелүү талапка жооп берген эмес деген бүтүмгө келген» деп айтылат билдирүүдө.

24-ноябрда үч күн мурда баш кошкон жубайлар иске ууланып каза тапканы кабарланган.

«Озодлик» радиосунун маалыматына караганда, 10-ноябрдан 20-ноябрга чейин Өзбекстанда иске ууланып кеминде 9 киши көз жумган. 24-ноябрда алардын саны 11ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты