Өзбекстанда автоунаадагы газ баллону жарылып, үч жашар бала чарчап калды

  • 4 месяца мурун

Навои облусунун Кызылтепа районунда Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, үч жашар наристе чарчап калды. Бул тууралуу 25-декабрда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык 24-декабрь күнү эртең менен болгон. Кафелердин биринин алдында токтоп турган Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, ичиндеги айдоочу менен анын үч жаштагы баласы жаракат алган. Алар түрдүү жарааттары менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай уулу реанимация бөлүмүндө чарчап калган.

Бул окуя боюнча райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү болжолдуу тергөө иштерин баштады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты