Бишкекте жүк ташуучу транспорт кыймылына киргизилген убактылуу чектөө дагы эле күчүндө
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда, жалпы максималдуу массасы 18 тонна жана андан ашкан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кыймылына күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин чектөө киргизүү күчүндө.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Чектөө Бишкектеги муниципалдык жолдорго тиешелүү.
Чектөө төмөндөгүлөргө жайылтылбай тургандыгы белгиленет.
— гуманитардык жардам жана тамак-аш азыктары, күйүүчү-майлоочу материалдары бар жүктөргө;
— транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү атайын уруксаттын негизинде Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өткөн учурда ири габариттүү жана атайын жүктөргө;
— автомобиль жолдорун оңдоо, куруу жана күтүү, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды чечүү үчүн арналган объекттерди куруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жүктөргө жайылтылбайт.
Чектөө жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, муниципалдык автомобиль жолдорун сактоо жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген.
Талаптардын аткарылышын Бишкек шаарынын ИИБ Жол кайгуул кызмат башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы көзөмөлдөйт.
Иллюстрациялык сүрөт: Транспорт министирлиги




