Бишкектин Гоголь көчөсүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
17-сентябрдан тартып Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Буга чейин аталган тилкеде «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 2025-жылы бул жерде жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларды оңдоо жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылган.
Мэрия жЖол кыймылынын бардык катышуучуларынан убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана жол белгилеринин талаптарын сактоону өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




