Өзбекстанда газ куюу станцияларынын ишине чектөө киргизилди

  • 5 месяцев мурун

Өзбекстандын бардык аймактарындагы газ куюу станциялары убактылуу суткасына алты сааттан иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу «Худудгазтаминот» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн аптада Өзбекстандын Энергетика министрлиги калкты жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өлкөдөгү газ куюу станцияларынын ишин чектөө боюнча чаралар кабыл алынганын, ага ылайык, автогаз толтуруучу компрессордук станциялар таңкы 6:00дөн 15:00гө чейин иштей турганын билдирген.

12-декабрда «Худудгазтаминот» компаниясы керектөөнүн көбөйгөнүнө байланыштуу газдын басымы төмөндөп кеткенин, мындан улам өлкөнүн бардык аймактарындагы газ куюу станцияларынын иштөө режимине кайрадан өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, эми алар 6:00дөн 12:00гө чейин иштешет.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бул чаралар убактылуу жана абанын температурасы кескин төмөндөгөн учуларда гана колдонулат.

Буга чейин өлкөнүн энергетика министри Журабек Мирзамахмудов быйылкы кышта энергетикалык каатчылыктын алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча депутаттарга маалымат берген.

Анын айтымында, газ тартыштыгынын эң жогорку деңгээли былтыр кышында катталып, ал суткасына 21,6 миллион куб метрге жеткен. 2023-жылы бул тартыштыкты сыйымдуулугу 18-20 миллион куб метрден 35-40 миллион куб метрге чейин көбөйтүлгөн газ сактоо жайларынын эсебинен жоюу пландалууда. Мындан тышкары синтетикалык суюк отун өндүргөн Uzbekistan GTL комплексине газ берүү көлөмүн азайтуу каралууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты