Өзбекстанда алгачкы жолу «Восток-антитеррор — 2024» машыгуулары өтөт

  • 2 месяца мурун

КМШ жана ШКУ уюмдарына мүчө өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери Өзбекстанда өтө турган «Восток-2024» террорго каршы машыгууларына даярдыкты талкуулашты.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

КМШнын антитеррордук борборунун басма сөз бюросу билдиргендей, «Восток-Антитеррор-2024» машыгуусу Өзбекстанда алгачкы жолу өткөрүлөт.

Машыгууларда КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн аскер кызматкерлери Өзбекстандын полигондорунда террористтерге каршы күрөштүн «практикалык күч» бөлүгү боюнча машыгышат.

Мурдараак 2024-жылы ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн конференциясы менен КМШнын конференциясын биргелешип өткөрүү пландалып жатканы маалымдалган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты