Токтогул ГЭСин кышка даярдоо иштери жүрүүдө

Токтогул гидроэлектр станциясында 2026–2027 жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда. Негизги көңүл гидрогенерациялык жабдууларды оңдоого жана станциянын өндүрүштүк инфраструктурасын кыш мезгилиндеги иштөөгө даярдоого бурулууда.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

“Бекитилген графикке ылайык, адистер негизги жана көмөкчү жабдуулардын релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн текшерүү, ревизиялоо жана профилактикалык тейлөө иштерин жүргүзүүдө.  Токтогул ГЭСти 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери бекитилген графикке ылайык уланууда” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты