Өзбекстан туризмди өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк белгилүү блогерлерди чакырат

  • 2 месяца мурун

Өзбекстан туризмди өнүктүрүү үчүн өлкөгө чет элдик белгилүү блогерлерди тартууну пландап жатат.

Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн кеңешмеде айтылды.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчысы аудиториясы 10 миллиондон ашкан 50 чет элдик блогер үчүн маалымат турларын уюштуруу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары өлкөдө 1-октябрга чейин улуттук туристтик бренд тууралуу контент жаратууга сынак жарыяланат. Бул максат үчүн 5 миллион доллар бөлүнөт.

Министрликтер менен тиешелүү мекемелерге электрондук виза системасын жакшыртуу жана туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн мобилдик колдонмолорду ишке киргизүү тапшырылды.

Быйыл аткаминерлер 11 миллион чет өлкөлүк туристти тартып, туризмден түшкөн кирешени 2,5 миллиард долларга чейин жеткириши керек болот.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты