Борбор шаарда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн иппотерапия уюштурулууда
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
15-сентябрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сабактар Ататүрк атындагы сейил бактын аймагында спорт инструкторлорунун жетекчилиги алдында жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн милдеттүү коштоосунда өткөрүлөт.
Күнүнө сабактарга орточо эсеп менен 10–15 бала катышат. Беш күндүн ичинде катышуучулардын жалпы саны болжол менен 65–70 баланы түзөт.
Иппотерапия адаптацияланган ат минүүгө жана адамдын ат менен өз ара аракеттенүүсүнө негизделген.
Сабактар балдардын кыймыл-аракет активдүүлүгүн, кыймыл координациясын жана жалпы моторикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле эмоционалдык абалына жана социалдык адаптациясына оң таасирин тийгизет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар 25-башталып, 15-сентябрга чейин өткөрүлөт.
Иппотерапия бул атка минүү менен медициналык жана социалдык реабилитация ыкмасы болуп саналат.
Сүрөт: Бишкек мэриясы




